Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору тандалды. Анда конкурстук комиссиянын чечими менен "АСМАТ" ЖЧК студиясы жеңүүчү болуп табылган.
Жобого ылайык, министрлик тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Ошондой эле автор комиссиянын сунушун эске алып, долбоорду толуктап иштеп чыгуусу керек.
Сынакка жалпы 8 долбоор келип түштү.