Зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин коңшулары: "Окуядан кийин актёрдун аялына "иштен чык, көчүп кет" деген шарт болгон"

Белгилүү актёр, маданият ишмери Чыңгыз Мамаев апрель айынын башында чет элдик жаранды зордуктоого шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул жагымсыз кабар коомчулукка тарагандан бери эл арасында айтылып жаткан түрдүү пикирлердин аягы сууй элек. Актёрдун санаалаштары, кесиптештери, ошондой эле бир тууган иниси бул жагымсыз окуяны тузак деп баалап, актёрго болгон каралоо деген пикирлерин айтышты.

Чыңгыз Мамаевдин кошунасы, кесиптеши Жээнбек Моңошев бул окуя чындыкка коошпой турганын айтат.

"Биз бул окуя тууралуу укканда нес болдук. Чыңгыздын бул ишке барып-барбаганын бир Кудай гана билет. Окуяны коомчулукка чыгарган кошунабыз Дулатбек Кожоевдин кандай максаты бар экендигин билбейм. Чыңгыз менен Дулатбек кошуна, кесиптеш. Окуя 21-мартта болгон дешүүдө. Ошол күндөн бери кошуналар ич ара сүйлөшүп, маселеге чекит коюлган. Чыңгыз менен аялы бул "ишти жасабасак дагы кечирим сурайбыз" деп кечирим сурашкан. Бирок Дулатбек эки саат сайын оюн өзгөрттү. Чыңгыз немис аялга 100 миң сом сунуштаган эмес, тескерисинче аял сураганына күбө болгом. Менин оюм боюнча, бул жалган жалаа. Анткени Дулатбек убакытты созуп, окуяны көзү менен көргөндөй айтып жатат. Окуя болгон жерде сейил бак бар. Дулатбек сейил бактан чак түштө 200-300 метр жерге сүйрөп барыптыр деп жатат. Майрам күнү сейил бакта эл жүрсө мындай окуянын болушу мүмкүн эмес. Дулатбектин айткандары чындыкка коошпой жатат. Бул жерде Дулатбектин да кызыкчылыгы бар деп ойлойм", - деди ал.

Чыңгыз Мамаевдин кошунасы Эркингүл Маселова окуяга ишенбей турганын айтты.

"Мен Чыңгыз менен 20 жылдан бери кошунамын. Мен аны эң жакшы актёр эле эмес, эң жакшы адам катары билем. Окуя толук иликтене электе Чыңгыз жаман аттуу болуп калды. Окуя ошондой болгон күндө да, аял өз каалоосу менен ал жерге барышы мүмкүн. Анткени ал кыйкырса сейил бакта жүргөндөр укмак. Бул окуя тууралуу уккандан кийин кошуналар Дулатбектин сөзүнө ишенип, Чыңгыздын абийирин кетирдик. Аялынын айынан болуптур деп айтып жаткандар бар экен. Аялына "сен жумуштан чык, башка театрларда иштебе, бул жерден көчүп кет" деген шарттарды коюшкан. Бул немис аял кандайча биздин короого келип калганын билбейбиз. Ал немисмин деп коюп, бир мейманканада француз экенин айтып жашаптыр", - деди ал.

Чыңгыз Мамаевдин кесиптеши Сталбек Кыдыралиев буларга токтолду.

"Мен Чыңгызды 25 жылдан бери тааныйм. Чыңгыз чыгармачылыкта жакшы ийгиликтерге жетти. Негизи Чыңгыз колуна конгон чымынды да айдай албаган мырза. Бул айтылып жаткан кептерге ишенбейм. Болгону көө жабуу деп кабыл алам. Чыгармачылыкта төбөсү көрүнүп, аты аталып калган кишилерди каралоо оңой. Бул илгертеден келе жаткан нерсе".

Чыңгыз Мамаевдин бир тууган иниси Дамир Мамаев агасы мындай жолго барышы мүмкүн эмес дейт.

"Чыңгыз агам тууралуу жагымсыз маалымат тарап жатат. Биз 8 бир тууганбыз. Чыңгыз агам алтынчысы. Мен анын мүнөзүн жакшы билем. Алла Талла жакшы көргөн пендесине жакшылыгын эрте берет. Агамды эл колдоп, мамлекет тарабынан жакшы сыйлыктарга ээ болду. Үч баласы, жакшынакай жубайы бар. Окуя 21-мартта болсо, алар 29-мартта арыз жазып жатышат. Чындык ошондой болсо, ошол күнү эле арыз жазышпайт беле? Бул көрө албастыктан чыккан нерсе. Азыркы тапта жеңем да, балдары да, баарыбыз оор акыбалда турабыз. Үй-бүлөсүнө оор сокку болду. Мен дагы өзүмдү жаман сезип жатканга байланыштуу оюмду жеткире албай жатам. Эл жакшы сөздөрүн айтып жатат. Учурда 8 бир тууганы 8 жакта чыркырап турабыз. Агам мындай ишке барбайт. Мен ага ишенем. Баары жакшы болот деген үмүттөмүн", - деди иниси.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн чагылдырууга даяр.

Эскерте кетсек, буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан