"Элдин батасын алган адам мындай ишке барбайт", "Бойго жеткен кызы, уулу бар, үй-бүлөсүнө катуу сокку болду"... Актёр Чыңгыз Мамаевдин кесиптештеринин пикирлери


Апрель айынын башында белгилүү актёр, Эмгек сиңирген артист Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип, укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Ал эки айга камакка алынганын милициядан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө актёрдун санаалаштары, кесиптештери бир муштумдай түйүлүп, жардам колун сунууда. Тактап айтсак, өнөр адамдары атайын топ түзүп, каражат топтоп жатышат. Алар кесиптеши күнөөсүз экенин, ага жалаа жабылган дешет. SUPER.KG порталы айрым өнөр адамдары менен байланышып, жеке пикирлерин уктук.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов: "Анын ак экенине ишенем"

"Мен Чыңгызды жакындан билген адам катары анын андай ишке барганына ишенбейм. "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, мен анын ак экенине ишенем. Угушумча бул жалган жалаа. Учурда өнөр адамдары колубуздан келген жардамыбызды берели деп каражат чогултуп жатабыз".

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев массалык маалымдоо каражаттарына нааразы болду

"Болбогон айлыкка, кыйынчылыктарга карабай иштеп, кашыктап чогулткан абийирин болбогон интрига менен төгүп жатышат. Чыгармачыл адамдар көп нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Эгерде өзүнө-өзү кол салуу болсо ким күнөөлүү экени белгилүү.

Массалык маалымат каражаттары мындай маалыматты биринчиден, жакшылап текшерип анан жарыяласа болмок. Мисалы, мен деле спектакль коюп жатып бир аялды жаакка чапсам, аны жалпыга маалымдоо каражаттары апасын жаакка чапты деп чыгарышат. Андан ары жагында спектаклде дегенин окубай туруп мени жаман кабыл алып калышат.

Биз Чыңгыз Мамаевдин күнөөсүз экенине, андай ишке барбаганына ишенебиз. Биздин чөйрөдө дагы ар кандай болот, угуп жатабыз, жалган жалаа экенин".

Актриса Альбина Имашова: "Чыңгыздын бойго жеткен кызы, уулу бар, үй-бүлөсүнө катуу сокку болду"

"Чыңгыз Мамаевди 20 жылдан бери билем. Театрда, тасмаларда, үй-бүлөлүк катышта чогуу жүргөндүктөн анын кандай экенин жакшы билебиз. "Кыздын сыры төркүнүнө маалым" дейт эмеспи, анын сыңарындай, анын кандай экени, жашоодогу максаты бизге маалым. Акыркы окуя бул жалган жалаа. Эки тараптын урушу, өч алуусу эле болуп жатат.

Бүгүнкү күндө өнөр адамдары каражат чогултуп, жактоочусунабы же башка иштеринеби жардам берели деп далалат кылып жатабыз. Чыңгыз Кудай алдында ак адам. Чыңгыздын үй-бүлөсүнө катуу сокку болду, алардын акыбалын аябай жакшы түшүнүп турам. Анткени мына-мына турмушка чыгайын деп турган бойго жеткен кызы, бойго жеткен уулу бар. Чыңгыздын аялы кайра-кайра приступ болуп жатат. Үй-бүлөсүнө белди бекем бууп, кайраттуу болуусун айтат элем. Буюрса, бул убакыт өтүп кетет. Актёрго берилген сыноо жалган жалаа, өч алуу түрүндө болбош керек эле. Чыгармачыл адамдар кайда жүрсөк да бул балээ эртерээк өтүп кетсе экен деп тиленип жатабыз", - дейт.

Ырчы Кубаныч Алиев: "Ичибиз ачышып турат, ал мындай ишке барбайт болчу, барбайт дагы"

"Чыңгыз Мамаев кармалгандан кийин бир тууган иниси менен жолугуп сүйлөшүп калдым. Ал колдойбуз деген чыгармачыл адамдар бар экенин айтты, мен дагы колдоо көрсөтөлү дегендер бар экенин айтып, атайын топ ачтык. Учурда топто 250дөн ашык адам - актёр, актриса, ырчы, обончу, тамада, сүрөтчү жана башка маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү бар. Катарга күнүгө кошулгандар бар. Азырынча каражат чогултуп жатабыз, Казакстанда иштеп жүргөн өнөр адамдары да жардам берип жатышат.

Ал эми актёрдун кармалышы боюнча жеке пикиримди айтсам, ага-ини, жердеш катары мамилебиз аябай жакшы. Сыртынан да жакшы, жан дүйнөсү таза адам. Эмгек сиңирген артист, Алыкулдун образы менен эл оозуна алынып, элдин батасын алып жүргөн адам мындай ишке барат деп 10 уктасам түшүмө кирбейт. Ага катары акыл-насааттарын, кеңештерин берип, айтканын так аткарган адам. Ичибиз ачышып турат, ал мындай ишке барбайт болчу, барбайт дагы. Агабыз үчүн тикебизден тик турабыз дегендер көп. Буюрса, Орозонун күнүндө соопчулук ишти баштадык, жакшы жыйынтык болот деген үмүттөбүз".

Эскерте кетсек, буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан