Муса Жаманбаев Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты Ибрагим Жунусов аркалап келген.