Жалал-Абад шаарынын мэри республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, шаар мэри жеңүүчүлөргө дүйнөлүк олимпиададан мыкты ийгиликтер менен кайтуусуна терең ишенерин айтты. Ошондой эле дүйнөлүк олимпиададан байгелүү орунду камсыздаган окуучуларга жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай сыйлык берилерин кошумчалады.

Республикалык олимпиадада окуучулар төмөнкүдөй орундарды багындырышкан:

  • Информатика предмети боюнча 1-орун 10-класстын окуучусу Тенгиз Беккоенов;
  • Физика предмети боюнча 2-орун 11-класстын окуучусу Нияз Жусупбеков;
  • Англис тили предметинен 3-орун 11-класстын окуучусу Айнура Сабырова.

Белгилей кетсек, Тенгиз Беккоенов жана Нияз Жусупбеков алдыда өтүүчү дүйнөлүк олимпиадада Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан