"Жарылуучу зат бар деген билдирүү түшкөн". Бишкек-Москва каттамындагы учак 1 жарым саат кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек-Москва аба каттамы кармалды. Буга жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүндө жарылуучу зат коюлган деген билдирүү себеп болгон.

"Бүгүн, 8-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы коопсуздук коркунучунан улам Москвага уча албай кармалып калган. Аэропорттун маалымат кызматына телефон чалуу болуп, жүргүнчүлөрдүн биринин жүгү миналанганы айтылган. Тиешелүү кызматтар жүргүнчүлөрдү, алардын жүгүн текшерүүдөн өткөрүштү. Жыйынтыгында эч нерсе табылган жок. Учак 18:20да учуп кетти (саат 16:55те учуп кетмек)", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан