Талыкпай эмгектенип, изденүүнүн арты менен ийгилик жаратып, башкаларга үлгү боло алган кыргыз жаштарынын саны арбын. Алардын бири 20 жаштагы Элиза Шеркулова Венгриядагы алдыңкы университеттердин биринде эл аралык бизнес жана экономика багытында билим алып жаткан учуру. Ал SUPER.KG порталына билим алуудагы жолу, билимдүү болуунун маанилүүлүгү жана жаштарды шыктандыруучу кеп-кеңештери менен бөлүштү.
- Саламатсызбы! Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
- Аты-жөнүм Элиза Шеркулова, 20 жаштамын. Бишкектеги №40 орто мектебин аяктагам. Учурда Венгриядагы ELTE (Eötvös Loránd University ) окуу жайында эл аралык бизнес жана экономика багытанда билим алып жатам.
- Венгрия өлкөсүнө барып, билим алуу бактысына кантип туш келип калдыңыз?
- 11-класста окуп жатканда келечекте ким болорумду, ал гана эмес кайда тапшырарымды да билчү эмесмин. Анын үстүнө бардыгы эле “жалпы республикалык тестирлөө мындан аркы тагдырыңды чечет” деп ынандырып жатышты. Тагыраагы “бул тесттен өтпөй калсаң, анда жашооңдун бүткөнү” дегендер болду. Ошентип ЖРТдан 172 балл алдым. Бул учурда менин башкы максаттарымдын бири Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу болгон. Бул окуу жайга өткөнүм менен өзүм каалаган факультетке өтө албай калдым. Албетте, биринчи жыл даярдоо курсун окугандыктан кызыктуу өттү. Ал эми кийинки жылы факультетимди алмаштырайын дегенде карантин башталып калып, анда да которула албай калдым. Ал ортодо жумушта иштегеним да тоскоолдук жаратты окшойт. Дегеним, окуу менен жумушту айкалыштыруу мен үчүн оор болду. А бирок көйгөй анда эмес эле, окуп жаткан факультетим мен үчүн кызыксыз болуп жатканын кийин аңдадым.
Бул учурдан тарта өзүмдүн үстүмөн иштей баштадым. “Мен киммин? Келечекте ким болом? Кайсы багытта билим алам? Убактым текке кетпей элеби?” деген өңдүү суроолор жарала баштады. Ошентип чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырууга аракет кыла баштадым. Курбу кызым экөөбүз ар түрдүү программаларга тапшырып, англис тилин үйрөнүүнүн үстүндө тынбай иштедик. Күндө 7-8 сааттан окуп жаттым. Жыйынтыгы ийгиликтүү болду, Stipendium Hungaricum программасы менен Венгриядагы ELTE окуу жайында акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алдым.
- Кандай документтерди жана экзамендерди тапшырдыңыз? Окууга өтүү кыйын болдубу?
- Аталган программага тапшырууда окуудагы жетишкендиктериң, англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган документ жана TOEFL же IELTS сынактарынын жыйынтыгы керек. Мындан тышкары баарлашуу да болот. Англис тил деңгээлим канааттандырарлык болбогондуктан, даярданууга көбүрөөк убакыт бөлдүм. Негизи IELTS сынагын тапшырууда жазуу, окуу, сүйлөө жана угуу деңгээлин текшерет. Ар биринен өзүнчө тесттерди жазып, өзүмдүн алсыз жактарымдын үстүндө иштедим. Атайын курстарга да бардым.
Чындыгында документтерди которууда көп эле чыгымга учурадым. Анткен менен ата-энемден акча сурабоо үчүн өзүм иштеп чогулттум. Бирок башка өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшыруу үчүн мындан да көп акча кетет. Мисалы Венгрияга виза алууга кеткен чыгымдарды алар өздөрү каржылашат. Ал эми айрым өлкөлөрдө мындай эмес.
Ошондой эле жаштардын көңүл ачууга акча коротпой, чет өлкөдө окууга, ар түрдүү курстарды сатып алууга жумшагандары кубандырбай койбойт. Бардык нерсеге убакыт, акчаны тапсак болот, болгону аракет гана керек.
Менимче бул программага тапшыруу башка программаларга караганда жеңилирээк. Себеби бул мамлекеттик программа. Андыктан көп нерсени деле талап кылбайт.
- Толкунданууга себеп боло турган интервью бөлүгү кандай өттү жана ага кантип даярдандыңыз?
- Венгрияга тапшырганга чейин бир да маектешүүгө барып көргөн эмесмин. Интервьюнун алгачкы бөлүгү, тактап айтканда кыргыздар менен болгон маектешүү этабы мен үчүн кыйын болду. Анткени ар түрдүү багыттагы суроолор берилди. Стресстен улам билген суроолорумдун жоопторун унутуп койгон учурум да болду.
Ал эми мага жакканы бул – учурдагы окуп жаткан окуу жайымдын профессору менен болгон маектешүү болду десем жаңылышпайм. Негизи интервью болорун ага 15 саат калганда гана билгем. Бирок өзүмдү колго алып, айта турган маанилүү учурларды эстеп алдым. Маектешүү башталганда эле 2 мүнөткө кечигип келдим (күлүп). Бирок эч ким эч нерсе деген жок, тескерисинче мени колдоп, ийгилик каалашты. Анын үстүнө ошол күнү интервью бергендердин алгачкысы болгонум үчүн жылуу мамиле кылышты го деп ойлоп коём.
Профессор суроо бергенден мурун “бул жөн гана баарлашуу, андыктан коркпо” деп айтканы али эсимде. Бул мага өзүмдү эркин сезип, бардык суроолорго ынанымдуу жооп бергенге дем-күч берди. Ал ортодо тикмечилик өнөрүмдү айтып берип, аны менен катар иш үстүндө тартылган видеолорумду көрүүгө да жетиштик. Чындыгында анын чын жүрөктөн кызыгып сураганы мен үчүн жагымдуу болду.
- Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
- Аталган стипендиялык программа бара турган студенттин окуусун, медициналык камсыздандыруу чыгымдарын каржылайт. Андан тышкары бакалавриат, магистратура жана бир деңгээлдүү магистрдик программалар үчүн ай сайын 43 700 форинт стипендия бөлүнүп турат. Ошондой эле ЖОЖдордун жатаканасы же турак жайды ижарага алуу үчүн 40 000 форинтке чейин акча каражаты берилет.
- Окууга өткөнүңүздү ата-энеңиз укканда эмне дешти?
- Алгач чет өлкөгө окууга жиберишпейт го деп ойлогом. Анын үстүнө документтерди тапшырып жүргөнүмдү апамдан башка эч ким билчү эмес. Мага “Сиз өттүңүз!” деген кат келгенден кийин бул жагымдуу кабарды баарына айткам. Ата-энем “балким, бул кыялдарыңды ишке ашыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк” деп мени колдошту. Ошондой эле IELTS сынагын тапшырууда да мага ишеним көрсөтүшүп, дем-күч беришти. Ата-энеме жана туугандарыма аябай ыраазымын. Мен өзүмө ишенбей турган учурда да мага ишенип, колдоо көрсөтүп турушат.
- Венгрияга биринчи жолу баргандагы сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз. Сизди эмне таң калтырды?
- Буга чейин чет өлкөдө болбогонум үчүн баары кызыктуу көрүндү. Бирок убакыттын өтүшү менен үй-бүлөмдү сагына баштадым. Колумдан эч нерсе келбечүдөй эле болуп жатты. Тил жагынан да кыйналып жаттым. Мындай учурларда кооз жерлерге барып, өзүмдү алаксытып жүрдүм.
Венгриядагы жашоо ары кызыктуу, ары кымбат. Дегеним, Кыргыз өлкөсүнө салыштырмалуу кымбат десем болот. Маселен, метро, автобустар ылдам жүргөнү менен жол кире кымбат. Интернеттин баасы да кымбат, 3 гигибайт үчүн 700-1000 сом төлөө керек.
Негизи мектепте окуп жүргөндө эле Европада жүргөнүмдү элестете берчүмүн. Кыялдарым орундалса экен деп тилек да кылчумун. Азыркы күнгө чейин Венгрияда экениме кээде ишенбей кетем. Андыктан кыялданыңыздар!
- Тил үйрөнүү жаатында кандай кеңештерди берет элеңиз?
- Эң башкысы деталдуу план болушу керек. Максатыңдын майда-чүйдөсүнө чейин тактап алып, алардын үстүнөн күн сайын иштөө керек. Башында баары кыйын болушу мүмкүн, бирок бир эрежеге киргенден кийин сага эч нерсе тоскоол боло албайт. Кайсы тилди үйрөнүп жатсаң ошол тилде кинолордү көрүп, китептерди окуу керек. Ошондой эле ошол тилде сүйлөгөн дос таап баарлашкан жакшы. Үйрөнүп жаткан тилде ойлонууга да аракет кылыңыз. Анан, албетте, практика кылуу керек.
- Чет жакта билим алгысы келген жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз?
- Кыялданыңыз жана кыялдарыңызды орундатыңыз! Алдыга максаттарды коюп, аларга умтула берүү керек. Чет тилдерди үйрөнүңүз. Бардык нерседе өзүңүздү сынап көрүңүз, жүрөгүңүзгө жаккан нерсени тапмайынча эч качан багынбаңыз. Бир нерсе туура эмес же ийгиликсиз болуп калса, эч кайгырбаңыз. Тескерисинче, анын жакшы жактарын издеңиз. Бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат. Катаңардан сабак алып, өзүңөрдү табууга аракет кылгыла.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!