Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Казакстанда дагы эскерилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Владимир Жириновский Алма-Атада төрөлүп, ошол жерде өскөн. Анын атасы Францияга окууга кетип, ал жактан юридикалык билим алып, анан агроном адистигин алган. Ал эми мекенине келгенден кийин, 1940-жылы Казакстанга жиберилип, эмгек лагерине киргизилген.
Алма-Атада Жириновский чоңойгон үй, үй-бүлөсү колдонгон сарай сакталып калган. Ал окуган №25 мектеп (азыркы гимназия) да калды.