Кийинки аптада Жогорку Кеңеште жаңы депутат Абдыбахаб Боронбаев ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясы Абдыбахаб Боронбаевге депутаттык мандат тапшырган.
БШКнын токтому менен Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылган.
Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болот.