Ош шаарынын мектептеринде Жарандык коргонуу күнү өттү

Ош шаарынын мектептеринде Жарандык коргонуу күнү өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын №3 М.Ломоносов жана №36 Ч.Айтматов атындагы орто мектептеринде Жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери жеринде катышып, өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өзүн өзү алып жүрүү, коопсуздук эрежелери жана кырдаал болгон аймактан коопсуз жайга эвакуациялануу, өрт кырсыктарын алдын алуу жана андан сактануу эрежелери, ошондой эле жабыркагандарга дарыгерге чейинки биринчи медициналык жардам көрсөтүү иш-чаралары боюнча усулдук жана практикалык окуу өткөрүлдү. Жалпы 1606 мектеп окуучулары, 85 мугалимдер жана 13 тейлөөчү персоналдар катышышты.
Аталган иш-чарага ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынан 14 аскер кызматкери, 1 бирдик авариялык-куткаруу автоунаасы жана 1 бирдик өрт өчүрүүчү автоунаалары тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан