11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу кыргызстандыктар! 11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот", - деп жазды ал.