Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякованы кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын региондук жана эл аралык бирикмелердеги экономикалык интеграциясын тереңдетүү, энергетика тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү сыяктуу багыттарда мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы түзүлгөн кырдаалды, анын ичинде биздин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин талкуулашты.
Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасында Украинадагы кырдаал чоң тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи.
"Кыргыз Республикасы калыс жана бейтарап позицияны карманууда. Биз Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттайбыз", - деп белгиледи Жапаров.
Өз кезегинде Татьяна Проскурякова чатакташкан тараптардын ортосунда тынчтык келишими орун аларына ишеним билдирип, ошондой эле өлкөбүздүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Дүйнөлүк банктын аймактык директору ошондой эле кечээ Бишкекте өткөн "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо" форуму мыкты жана жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгиледи.