Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын А.Т. аттуу тургуну А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда "Сары-Өзөн" базарынан ири жер тилкесин алып берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, президент менен түздөн-түз байланышым бар деген шылтоо менен 44 миң доллар өлчөмүндөгү каражаттын алып, убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.
"Аталган факты Свердлов РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү "алдамчылык" менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.