Саат 14:00гө карата үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо 13 миң 195 жаран добуш берди
Саат 14:00гө карата үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо 13 миң 195 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул шайлоочулардын 19,17 пайызын түзөт.
Кара-Балта шаардык кеңешинде 5 миң 742 шайлоочу;
Таш-Көмүр шаардык кеңешинде 4 миң 641 шайлоочу;
Токтогул шаардык кеңешинде 2 миң 812 шайлоочу добуш берди.