Бүгүн, 10-апрелде Францияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Француздардын 49 миллионго жакыны добуш берүү укугуна ээ.
Президенттикке 12 талапкер ат салышып жатат. Алардын катарында Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы бар.
Белгилей кетсек, Макрон 2017-жылы 39 жашында Франциянын президенти болуп шайланган.
Эммануэль Макрон 1977-жылы 21-декабрда туулган. Франциялык саясатчы "Алга" саясий партиясынын лидери. Ал Париж Х-Нантер университетинде, Саясий изилдөөлөр институтунда окуган. 1999-жылдан 2001-жылга чейин француз философу Пол Рикёрдун жардамчысы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары Экономика министрлигинде инспектор жана башка кызматтарда иштеген. 2007-жылы мектепте француз тили боюнча мугалим болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Брижит Троньёго үйлөнгөн. Мугалимин өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт.