Ысык-Көлдө туристтик милиция 5 миң балаты тикти

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ак-Суу районундагы тоого беш миң түп тяньшань карагайынын балатыларын тигишти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 2022-жыл - Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деген жарлыгынын алкагында дем алыш күнү Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун токойчулары менен биргеликте тоодо 5000 түп тяньшань карагайынын балатыларын отургузду.

"Бүгүнкү күндө айрым адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, жаратылышыбызга орду толгус зыян келтирип жатышат. Айлана-чөйрөбүздү келечектеги муунга сактап калууга биримдикте аракет көрүү менен токойлорду сактоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан