Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул аптада шаар тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Мындай маалымат мэриянын расмий сайтына жарыяланды.
Мэрдин шаар тургундары менен жолугушуусунун графиги:
12-апрель күнү
- Саат 10:00дө №78 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Көлмө жаңы конушунун жашоочулары менен жолугат;
- Саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушуусу болот.
13-апрелде
- Саат 10:00дө №82 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Ала-Тоо конушунун тургундары менен жолугат;
- Саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Ленин районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берет.
14-апрель күнү
- Саат 10:00дө №91 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Кара-Жыгач конушунун тургундары менен жолугат;
- Саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин жыйындар залында Октябрь районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.
15-апрель күнү
- Саат 10:00дө №94 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Дордой жаңы конушунун тургундары тарабынан берилген суроолорго жооп берет;
- Саат 14:00дө Свердлов акимчилигинин жыйындар залында ошол эле райондун жашоочулары менен жолугушуусу өтөт.