Казакстанда жоголгон жоокердин сөөгү Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл облусундагы чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 18 жаштагы Улыкбек Бердишов аттуу жоокер 2-марттан бери изделип жаткан.
Эки күн мурун кыргызстандык чабан аскер кийимин таап алган. Көп өтпөй жоокердин сөөгү табылып, туугандары аркылуу анын аты-жөнү такталган.