Өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү каралууда. Ага ылайык, балдар 6 жашынын 1-класска кабыл алынып, мектепте 12 жыл билим алышат. Бала 6 жашта 1-класста окууга даярбы деген суроо менен психолог Гүлшайыр Жунусовага кайрылдык.
Анын айтымында, сабак жүктөмдөрү аз болсо 6 жаштагы бала 1-классты окуп кете алат.
- Психологдордун арасында баланы кайсы жашта (6 жаштан 7 жашка чейин) бала мектепке даяр болот деген талкуу көптөн бери эле айтылып келет. 1-класска бала 6 жаштан же 7 жаштан даяр болот деп кайсы бир жашка чек коё албайбыз.
Баланы мектепке даярдоодо ата-эне эмнеге көңүл бурушу керек?
Биринчи интеллектуалдык жана психологиялык көнүгүүсүнө байланыштуу болот. Кээ бир балдар бала бакча, түрдү өзүн өнүктүрүүчү борборлорго барышат. Ал балдар мектепке киргенде окууга даяр болушат. Тагыраагы, социалдык көндүмдөргө бат көнөт. Мындай учурда бала 6 жаштан 1-класска барса болот.
1-класска барган балдарга алгачкы жарым жылдык адаптациялык мезгил. Мында балдар 45 мүнөт окуу менен бирге көнүгүүлөрдү, оюндарды өткөрүп окуу процессине көнө башташат. Сабактар үчүн баа коюлбайт. Тилекке каршы, биздин окуу системабызда 45 мүнөт сабак коюлуп калган.
Экинчиден, баланын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, мугалимдин сөзүн угуу, сыртка чыкпоо сыяктуу социалдаштырууну жөнөкөй ыкмалар менен үйрөтүү зарыл. Баланы мажбурлабастан, ага шарт түзүп берүү керек. Класс жарык болуп, жүктөмдөр аз болсо 6 жаштагы бала 1-классты алып кете алат.
Маалымат үчүн:
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирген. Ага удаа эле министрдин демилгеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынган. Андан соң министрлик Кыргыз өлкөсү 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү себептерин түшүндүрүп берген.
Эске салсак, 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.