АКШнын киноакадемиясы Уилл Смитти "Оскар" сыйлыгынын статуэткасын кайтарып берүүсүн талап кылды

АКШнын киноакадемиясынын мүчөсү Гарри Ленникс актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын өз каалоосу менен кайтарып бериши керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анын айтымында, кино сыйлыктын беделин бир гана актёр өзү калыбына келтире алат.

"Ал өз каалоосу менен "Оскар" сыйлыгынын алтын статуэткасын киноакадемияга экспресс-почта аркылуу кайтарып берип, бул сыйлыкка татыксыз экенин айтып, коомчулукка билдирүү жасашы керек", - деген Гарри Ленникс.

Белгилүү болгондой, Уилл Смитт "Падыша Ричард" тасмасындагы ролу үчүн "эркектин эң мыкты ролу" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына татыган.

Эскерте кетсек, белгилүү актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рокту жубайы жөнүндө тамаша кылганы үчүн чаап жиберген. Көп өтпөй актёр Инстаграм баракчасы аркылуу коомчулуктан кечирим сураган. Бул окуядан кийин Netflix кинокомпаниясы актёр тартылып жаткан тасманы токтотуу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан