"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы борбор калаадагы коомдук жайларды заман талабына ылайыктап курууга багытталган кезектеги долбоорду сунуштады. Бул жолу Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Бишкек почтамттын" айланасынын эскизи жарыяланды.
Мекеменин маалыматында аталган аймакта шаардыктардын эс алуусуна ылайыкталган шарт жок болгондугуна байланыштуу транзиттик аймакка айланып калганы айтылган. Ал эми сунушталган долбоорго ылайык, чоң сааттын алдында жайгашкан бул жайга декоративдүү плиталар, ар кандай жасалгалар, отургучтар жана кечкисин жарыктандыруучу фонарлар орнотулары белгиленген.
Ошондой эле кошумча жашылдандыруу да керектиги айтылат. Аталган долбоор ишке ашса, борбор калаанын көрүнүшүн жакшыртып, шаардыктар жана коноктор үчүн ыңгайлуу болору кошумчаланды.