Украинаны таштап кеткен качкындардын саны 4 жарым миллионго жетти. Алардын дээрлик жарымы жаш балдар

Украинаны таштап кеткен качкындардын саны 4 жарым миллион адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар Бириккен улуттар уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссариатына таянып жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Орусия Украинада аскердик операциясын баштаган күндөн бери жалпы 4 миллион 503 миң 954 адам коңшу мамлекеттердин чек арасын кесип өткөн. Алардын ичинен Польшага 2 миллион 593 миң 902 адам, Румынияга 686 миң 232 адам, Венгрияга 419 миң 101 адам, Молдовага 410 миң 882 адам, Орусияга 404 миң 418 адам, Словакияга 314 миң 485 жана Беларусь өлкөсүнө 19 миң 96 адам кирген. Ал эми калган жарандар Европанын Италия, Германия, Франция, Чехия баштаган башка мамлекеттерине баш паанек издеп кетишкен. Ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Австралияга качкан жарандар да бар экендиги маалымдалды.

Бириккен улуттар уюму белгилегендей, качкындардын агымы дагы эле токтой элек. Чек арадан өтүп жаткандардын дээрлик жарымы жаш балдар. Мындан тышкары кеминде дагы 13 миллиондой жаран өлкөдөн чыгып кетүү ниетинде экени болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан