Мектепке балдарды кабыл алуу үчүн электрондук каттоо системасына нааразы болгон ата-энелер Билим берүү министрлигине барышты. Бул тууралуу видео "Кактус медиа" сайтына жарыяланды.
Алар балдарын электрондук кезек аркылуу каттоодон өткөрө албай коюшканын айтып даттанышкан.
"Тагыраагы система иштебей же каталар болгон. Министрлик кабинетине киргизбей жатат", - дешкен чогулгандар.
Белгилей кетсек, 11-апрелде өлкөдө мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталганын Билим берүү министрлигинен билдиришкен.