Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 5-10-апрелинде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.