Электрондук каттоо системасындагы техникалык мүчүлүштүктөр колдонуучулардын көптүгүнөн улам келип чыккан. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Асел Кененбаева билдирди.
Анын айтымында, системага бир эле учурда 30 миңге жакын колдонуучу кирген.
"Буга байланыштуу бүгүн эртең менен колдонуучулар арыз бере албай жатышты. Учурда система туруктуу иштеп жатат. Ал эми системадагы котормо боюнча айтсам, колдонуучулар автоматтык түрдөгү котормону тандап алганда системадагы маалыматтар туура эмес которулуп калат. Негизи системада кыргыз жана орус тилинде толтурууга мүмкүнчүлүк киргизилген" - деди ал.
Ошондой эле ал балдарды мектепке жана бала бакчага электрондук каттоо системасы аркылуу 5 жаштан баштап каттоого алса болорун кошумчалады.