Эдил Байсалов талкуу болгон билдирүүсү боюнча: "Пенсия жашын жогорулатуу чечими кабыл алынган жок"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарга пенсияны эрте топтоо зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле ал пенсия деген кепилдик эместигин, мамлекет жарандарга бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп баштоо керектигин айткан.

Кийинчерээк ал коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынган жогорудагы билдирүүсү боюнча социалдык тармактагы баракчасына түшүндүрмө калтырды.

Айтымында, талкуунун максаты - пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү.

"Пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө кеп болуп жатат. Максат ошондо. Кандайдыр бир пенсия жашын жогорулатуу чечими кабыл алынган жок. Долбоору да быша элек. Талкуу гана. Чечим кабыл алынган күндө дагы ал өзгөрүлөр тээтиги 2028-жылдары күчүнө кирет. Мамлекет болгондон кийин "эртең эмне болсо болсун, биз жакшы көрүнөлү" деген саясаттан алыспыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан