АКШ президенти Жо Байден Ак Үйдө администрациядагы кызматка жаңы дайындалган кызматкерди тааныштырып жатып эки жолу ката сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Байден адвокат Стив Деттелбахты Спирт ичимдиктери, тамеки, ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар боюнча бюронун (ATF) жетекчилигине көрсөткөн. Эми анын талапкерлигин Сенат бекитиши керек.
Алгач Байден ATF'тин ордуна AFT (Америка мугалимдер федерациясы) деп айтып алган. Андан кийин Байден өзү көрсөтүп жаткан талапкердин атын туура эмес айткан.
"Мен Стив Деттелвуддун талапкерлигин көрсөткөнүмө сыймыктанам. Ой, Деттелбах. Кечиресиз, мен сиздин атыңызды туура эмес айтып койдум", - деген Байден.
Бул 79 жаштагы Жо Байдендин биринчи жаңылганы эмес. Буга чейин ал бир нече жолу вице-президент Камала Харристи президент деп атаган. Ошондой эле орус лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен чаташтырган.