Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинде:

  • шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу боюнча – 3;
  • администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалануу боюнча – 1.

1. Учурда шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуунун 2 фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө:

- Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө шагыл түшүрүү фактысы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

- Ош облусунун Араван районунун Юсупов айылында шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу жөнүндө Д.Б.нын Фейсбук соцсетинде жарыяланган маалыматы боюнча Ош облусунун Араван районунун ИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

2. "Ата Журт" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу фактысы боюнча Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды.

- "Күчтүү Коом" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А.Алымкуловго карата "Ишеним", "Альянс", "Социал-демократтар" саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Жайыл жана Токтогул райондорунун прокуратура органдары көрсөтүлгөн фактылар боюнча тергөөчүлөрдүн чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан