Казакстан 15-апрелден тарта ун жана буудайды экспорттоого чектөө киргизет. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаровго таянуу менен казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай чектөө өлкөнүн ички рыногунда ун жетишсиздигин алдын алуу үчүн киргизилген.
"Казакстанда ун жана буудайды экспорттоого 15-апрелден 15-июнга чейин чектөө киргизилет. Мындай чечим өлкөнүн ички рыногунда ун таңкыстыгын болтурбоо максатында кабыл алынды. 7-апрелге карата өлкөдө ундун запасы 118 миң тоннаны түздү. Бул ички керектөөлөрдү жетиштүү түрдө камсыздай алат", - деп жазылган басылманын маалыматында.