Орусияда мигранттарды тоноого айыпталып Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Энгельс көчөсүндө 11-апрелде таңга жуук болгон. Анда 27 жаштагы эки өзбекстандык адамды белгисиз 7 адам карактаган. Алар алгач коркутуп акчасын, телефондорун жана унаанын ачкычын тартып алышкан. Кийин сабап, банкоматка алып барышып, 60 миң рубль чыгарып алып из жашырышкан.
Жабыркагандардын бири ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн.
Көп узабай шектүү катары 5 адам кармалган. Алардын үчөө Өзбек жараны, экөө Кыргыз жараны болгон.
Азырынча бул окуя боюнча кыргыз бийлиги расмий билдирүү жасай элек.