Ички иштер министрлиги жарандарды чөнтөк уурулардын курмандыгы болбош үчүн кандай чараларды көрүү керектигин жарыялады.
ИИМдин билдирүүсүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз.
Чөнтөкчүлөр баарын уурдашат: капчыктар, телефондор, косметикалык баштыктар жана ар кандай баалуу буюмдар. Мунун эң жагымсыз жери – мээнет менен тапкан акчаңды жоготуп алуу гана эмес, алданып калуу сезими.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылса, 2021-жылы 792 чөнтөк уурулук жасалып, 265 кылмыштын бети ачылган. Чөнтөк уурулук кылгандардын 80 пайызы Бишкек шаарында жасалат.
Чөнтөк уурулуктун мезгилдүүлүгү жок, алар эл көп болгон жерде: базарларда жана соода борборлорунда, автобустарда жана аялдамаларда жасалат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы сизди жана сиздин жакындарыңызды чөнтөкчүлөр менен уурулардан коргоо үчүн бир нече кеңештерди сунуштайт:
Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо үчүн жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаңыз. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз.
Жаныңызда чоң суммадагы акчаңыз болсо, аны ар кайсы жерге бөлүштүрүңүз. Сиз аны сыдырма менен жабылган чөнтөккө салсаңыз болот. Эң жакшысы таксиге отуруу.
Үйдөн чыгаардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, аны сыдырма менен жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз.
Сумкаңыз же чөнтөгүңүз сыдырма менен жабылганын текшериңиз. Транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же артыңызда эркин илип койбоңуз.
Алдамчылардын арасында жынсы шымдын арткы чөнтөгү “бирөөнүн чөнтөгү” деп аталат. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон оңой эле чөнтөкчүнүн олжосуна айланат, анткени жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей байкабай калышыңыз мүмкүн.
Бул чөнтөк сыдырма же башка бекиткич менен бекитилсе абдан жакшы. Көкүрөк капчыктарын да колдонсо болот.
Уурулукту ачуунун ийгилиги сиздин ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.