Кечээ, 11-апрелде Австриянын канцлери Карл Нехаммер менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвада сүйлөшүүсү өттү.
Австриянын канцлеринин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, эки лидер бир сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда Украинадагы согуштук аракеттерди талкуулаган. Анда Нехаммер Путин менен "ачык, түз жана катаал" сүйлөшүү жүргүзгөн.
Ал Бучадагы жана башка аймактардагы согуш кылмыштарын сөз кылып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылыш керектигин айткан.
Мындан тышкары канцлер Путинге Украинада жоготуулар көбөйгөн сайын санкциялар катаалдаша берерин эскерткен.
Австрия НАТОго кирбеген нейтралдуу өлкө. Ал Украинага курал-жарак берген жок.