Акыйкатчы ИИМдин жетекчилигинде жарандык кызматкерлер болушу керектигин айтты

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова коомдук тартипти камсыз кылууда адам укуктарынын сакталышын күчөтүү үчүн Ички иштер министрлигинин жетекчилигинде жарандык кызматкерлер болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен “Жарандык союз” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы Урмат Казакбаев кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Тараптардын кызматташуусунун алкагында укук коргоо тутумунда адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону күчөтүү, аны демократиялаштыруу жана Кыргыз Республикасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.
Мындан тышкары жыйында төмөнкү сунуштар талкууланды:
  • ички иштер органдарынын ишинде адам укуктарынын сакталышын күчөтүү;
  • Ички иштер министрлигинде жарандык башкаруу менеджментин мыйзамдык жактан бекемдөө зарылдыгы жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгын жана отчёттуулугун камсыз кылуу;
  • Потенциалдуу милиция кызматкерлери үчүн Акыйкатчы институтунун базасында адам укуктары боюнча курстан өтүү боюнча милдеттүү талапты киргизүү жөнүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан