
Бишкек шаарындагы клумбаларга бир жылдык гүлдөр отургузулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаага жалпы 800 миң даана бир жылдык гүл отургузулат.
Сальвия, тагетес, петуния жана башка көптөгөн гүлдөр Жеңиш сейил багына, Байтик-Баатыр-Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүнүн жана калаанын башка аймактарындагы клумбаларга отургузулуп баштады.
Бир жылдык гүлдөрдүн башкы артыкчылыгы бул гүлдөр бир гана сезондун ичинде бүт өсүмдүк циклды өтүп жайы бою гүлдөп турат.