Бишкек шаарында дубалы урап, жанындагы жер тамды басып калган бүтө элек имараттын прорабдары камакка алынды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган окуя боюнча эки адам камакка алынды. Алар аталган курулушта прораб болуп иштеген 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылкы Ж.М. аттуу адамдар кармалган.
Буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калганы маалымдалган. Имаратты куруп жаткан "KG Восток Сервис" курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин дупутаты Жусупбек Коргонбай уулуна тиешелүү экендигин жергиликтүү тургундар айтып чыгышкан.