Nokia компаниясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту

Nokia компаниясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, мындай чечим Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам кабыл алынган. Акыркы аптадан бери Nokia компаниясы Орусияга товарларды жеткирүү иштерин токтоткон.

Билдирүүдө компаниянын кызматкерлеринин коопсуздугу жана саламаттыгы маанилүү экендиги айтылган. Мурдагы жылы сатуулардан түшкөн кирешенин 2 пайызы Орусияга тиешелүү болчу. Бирок башка аймактардагы суроо-талаптардын көптүгүнөн улам финансылык оорчулук пайда болбойт деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан