Бишкекте жана Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Сак болуңуздар деп эскертти ӨКМден.