"Байсалов чөнтөгүнөн төлөбөйт", "Акылыңардан айныдыңарбы?". Интернет колдонуучулардын пенсия тууралуу пикирлери

Кечээ Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн пенсия маселеси коомдо кызуу талкууга алынууда. Интернет колдонуучулардын дээрлик көбү каршы пикирлерин калтырышып, бул маселени сынга алышты. Алардын айрымдарынын пикирлерин топтодук.

Интернет колдонуучу Семетей Аманбеков "Эдил Байсаловдун сунушу" деген узун билдирүү калтырды.

"1) Иштеп жаткан жарандарга пенсия төлөбөө. Өмүр бою иштеп арзыбаган акча алган адамдар аз да болсо акча таап, жашына карабай талыкпай эмгектенүүнү каалашат. Бирок Байсалов аларды да тоноону чечкен окшойт.

2) Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу. Аял эртеден кечке жумушта, үйдө тытынып иштеп, кир жууйт, үй жыйнайт, тамак жасайт, бала төрөйт, жашы өтүп кетет. Бирок аны татыктуу пенсиясынан ажыратуу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жаш куракты жогорулатууну чечиптир.

3) Базардагы сатуучулар, дыйкандар, мигранттар Соцфондго эч нерсе төлөшпөйт, ошондуктан мамлекет аларга бир тыйын да карыз эмес. Базардагы сатуучулар патент сатып алып, Соцфондго өзүнчө төлөшөт. Ал эми компетенттсиз адамдар муну билишпейт.

Дүйнөдө дыйкандар дээрлик бардык салыктардан бошотулган, аларга жеңилдетилген насыялар берилген, анткени дыйкандар иштебей калса, өлкө ачарчылыкка батат. Жашоосу жакшы эмес мигранттар Кыргызстандан чыгып, бөтөн жерде кордукка дуушар болушат. Ал эми алар жөнөткөн акча чынында бүт өлкөбүздү камтыйт.

Байсаловду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына, жадакалса социалдык маселелер боюнча дайындоо кимдин "жаркын" идеясы болгонун билбейм, бирок биринчи жыйынтыктар көрүнүп турат. Кыргызстандын балээси жолдордо эмес, акмактарда эмес, жол көрсөткөндөрдө", - деп жазган ал.

Валерий Хегай: "Акылыңардан айныдыңарбы? Балким, жарандар дагы мамлекетке эч нерсе төлөбөгөнгө милдеттүү эместир. Биз анда пенсиядан, социалдык жардамдан баш тартып ошого жараша айлык акыбыздан социалдык фондго акча которбой коёттурбуз?".

Асель Оторбаева: "Ай, чиновниктер! Пенсионерлер жакшы жашоо үчүн эмес, базалык пенсиянын жетишсиз болгондугунан иштеп жатышат. Өйдөдөгү жана нык тойгузган кеңселериңерден жерге түшкүлө. Кантип элди маңдай теринен ажыратасыңар? "Кээ бирлери бир жылдык эмгек стажы менен пенсияга чыгышат. Алар азыраак пенсия алганына нааразы болуп жатышат", - дейт Гүлнура Жуматаева. Бир жылдык стажы барлар менен өзүңөр чечишип алгыла. Бул жерге 35 жылдан ашык тытынып иштегендердин кандай тиешеси бар? Ал эми мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктер пенсияга чыккысы келбей иштеп жатышса иштей берсин, бул башкаларга таасир этпеш керек".

Алмаз Темирбек: "Ар кимден пенсияга деп Соцфондго акча кармалып жатат. Пенсияга чыкканда ар ким ошол топтолгон акчасын алат. Байсалов чөнтөгүнөн төлөбөйт. Мамлекет элдин төккөн салыгынан жашайт. Ошол эл төлөгөн салыктан Байсалов айлык алат".

Элнура Кулуева: "Болгону жашынан иштеш керек деген түшүнүк айтылыптыр. Кутман карылыкка төлөм кылбасаң пенсия деп кимди жулкулдатасың... Пенсия үчүн акча салуу зарылчылыгын гана айткан маселе экен".

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарга пенсияны эрте топтоо зарылдыгын, жаш куракты жогорулатууну белгилеген. Ошондой эле ал пенсия деген кепилдик эместигин, мамлекет жарандарга бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп баштоо керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан