Электр энергиясы тармагындагы коррупциялык схемалар бүт ачылып, кайра иштебей турган болот. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камолидинов маалымат жыйында билдирди.
"Башкы прокуратура энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-аракеттерди алып барып жатат. Бул тармактагы бардык коррупциялык схемалар аныкталды, алар кайра иштебей тургандай кылынат", - деди басма сөз катчы.