Кытайдын өнөр жай борбору аталган Гуанчжоу шаарында коронавируска чалдыккандардын саны артканына байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Аталган шаарда дүйшөмбү күнгө карата 27 адамдан COVID-19 илдети аныкталган. Бул көрсөткүч өткөн аптага салыштырмалуу 6 адамга көп. Өткөн дүйшөмбүдө 23 адам илдетке чалдыкканы кабарланган. Мындан улам шаарга кирүүгө толугу менен чектөө коюлганы айтылды. Ал эми тургундар шаардан өтө зарылчылык жаралганда гана ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен чыга алышат. Ошондой эле шаардагы кичи жана орто класстын окуучулары белгисиз мөөнөткө чейин таратылган. Учурда шаар тургундарын жапырт тесттен өткөрүү жараяны башталганы маалым болду.
Белгилей кетсек, Гуанчжоу шаарында 18 миллионго жакын адам жашайт. Мындан тышкары 26 миллиондон ашык калкы бар Шанхайда да илдеттин коркунучу басаңдай электиги белгиленди. Аталган аймакта акыркы суткада 26 миң адам вирус жуктуруп алган.