Ооганстандын Диний аалымдар ассамблеясы талибан бийлигине кыздардын билим алуусуна байланышкан бардык чектөөлөрдү алуу жана мектептерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Ислам мыйзамдарына ылайык, айымдар диний билим менен заманбап билимди бирдей окуп-үйрөнүүгө укуктуу. Бул жагынан алып караганда алар эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мына ушул себептүү биз Ислам мамлекетин кыздар үчүн мектептердин эшигин ачууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Ооганстанда 6-класстан жогорку жаштагы кыздардын мектепке баруусуна тыюу салынганына 6 айдан ашык убакыт өттү. Бийликтин мындай чечими өлкө ичинде да, чет мамлекеттерде да бир катар нааразычылыктарды жараткан. Кырдаалга байланыштуу АКШ жана Улуу Британия баштаган өлкөлөр Ооганстанга бериле турган жардамдар мектептердин ачылышынан көз каранды экендигин да билдирип чыгышкан.