Жогорку Кеңештин депутаттары ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Ички иштер министрлигинин Командалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө эл өкүлдөрүнө видеокамералар кантип иштеп жаткандыгы, издөөгө алынган автоунаалар, издөөдө жүргөн жарандарды тактай турган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилгени айтылат.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун иши менен таанышты. Башкармалыктын жетекчиси Азамат Исраилов мүмкүнчүлүктөр жана иштөө принциптери жөнүндө маалымат берди.
Депутаттар республиканын аймагында ыкчам кырдаалды көзөмөлдөп турган жана кандай гана кырдаал болбосун ошого жараша аракеттерди көрүү үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алган ИИМдин ыкчам чара көрүү борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Аларга өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору, министрликтин басма сөз борбору, жалпыга маалымдоо жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студиясы, эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн жыйындарды өткөрүү залы көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында укук коргоо органдары заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен ар тараптан камсыз кылынып жаткандыгы белгиленди. Бул күч түзүмдөрүнө ишти принципиалдуу жаңы усулдар менен жүргүзүүгө, учурдун чакырыктарына өз убагында жооп берип жана пайда болгон көйгөйлөргө оптималдуу чечимдерди ыкчам табууга мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленди.
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү - Сүйүн Өмүрзаков, Искендер Матраимов, Русланбек Жакышов, Бакыт Тентишев, Динара Ашимова, Карим Ханджеза, Эмил Жамгырчиев, Эмилбек Жусупов, Талайбек Масабиров, Айсулуу Абдылдаева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан