Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун омикрон штаммынын жаңы түрүнө тынчсызданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган уюм коронавирустун омикрон штаммынын эки жаңы түрүнө мониторинг жүргүзүүдө. Уюм BA.4 жана BA.5 штаммдары канчалык деңгээлде жугуштуу экенин билүү үчүн баалоо тизмесине киргизгенин билдирди.