Нью-Йорк шаарындагы метродо атышуу болуп, 13 адам жаракат алды

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы метродо атышуу болуп, 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерден иштебей калган бир нече жардыргыч заттар табылган. Ал эми ок чыгарган адам противогаз кийген жана кызгылт сары түстөгү форма кийип жүргөн, ал качып кеткен. Полиция кызматкерлери аталган жаранды издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Атышуу жергиликтүү убакыт боюнча 12-апрелде эртең мененки саат 8:30 чамасында 36-көчө метро станциясында угулган. Жабыркагандардын төртөө ошол жерде болгон, дагы бирөө 25-көчөдөн табылган, ал эми атышуу метронун ичинде же сыртта болгону азырынча белгисиз. Атышуу учурунда түтүн чыгарган жардыргыч зат да колдонулганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан