Чек ара кызматы: "Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотту"

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында эки ирет ок атышуу орун алды. Экинчи жолку ок атышууда Тажик тарап Баткендеги Достук айылын миномёт менен аткылап жатканы кабарланган.

УКМКнын Чек ара кызматынан саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун билдиришет.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Жоокер операцияга даярдалууда. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан