Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Сатира театрын ачуу пландалууда. Бул туурасында министр Азамат Жаманкулов тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, министрлик тиешелүү документтерди өкмөткө жөнөткөн. Тиешелүү документтер өкмөт тарабынан каралып, жактырылса театрды ачуу боюнча иштер башталат. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады министр.