Бүгүн, 13-апрель күнү саат 11:00дө Кыргыз-Тажик эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышууда.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.
Белгилей кетсек, түндө саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (Кыргыз өлкөсү) жана “Овчи-Калча-авто жол” (Тажикстан Республикасы) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.