ИИМ: Үч айда турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 иш козголду

Соңку 3 айда эле турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн. Ошондой эле өткөн жылы козголгон 2 кылмыш иши дагы иликтенип жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткан жарандардын саны 139ду түзөт. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 миллион 641 миң сомду түзгөн.

Бишкекте “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 миллион сом чыгым аныкталган. Кооперативдин директору камалган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча учурда бир кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашуун. 30 адам арыз менен кайрылган.

S-Line кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган. Андан сырткары “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан