Түркмөнстандын Байрамали шаарынын (Мары велаяты) укук коргоо органдары жергиликтүү сулуулук салондорун кыдырып, айымдарга айрым косметикалык кызматтарды жасоого тыюу салуу тууралуу эскертүү беришүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматта айтылгандай, айымдарга ботокс, беттеги бырыштарды тегиздөө, кирпик өстүрүү, эриндерин чоңойтуу, жасалма тырмак өстүрүү процедураларына тыюу салынууда. Буларды жасаган адис да, жасаткан кардар да айыпка жыгылат.
Сулуулук салондордун ээлерине тыюу салууга баш ийбегендерге ири өлчөмдө айып салуу жана 15 суткага камакка алуу каралганы эскертилип жатат.
Ал эми тыюу салынган процедураларды жасаткан айымдарга 300-500 манат айып салынары айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда сулуулук салондордун кызматкерлери себебин айтпастан, тиешелүү документи жок эле келип, тыюу салып жатышканына нааразы болуп жатышканын жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.