Милициядан тармактык маркетингдердин уюштуруучулары белгилүүлөр аркылуу өз компаниясын жарнама кылып жатканын айтышты

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат. Башкармалыктан билдиришкендей, каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Аларга батир же унаа алып беришкендигин айтып, белгилүү адамдар аны алгандыгын тастыкташып социалдык тармактарга жүктөшүүдө. Буларды көргөн карапайым адамдар араңдан топтогон акчаларын алып келип, каржы булактарына тапшырып, жыйынтыгында чыгымга дуушар болууда.

Жалал-Абад ОИИБи жарандарды алдымчылардан сак болууга чакырган видеоролик даярдады.

Анда каржы пирамидаларына, тармактык маркетингдерге, турак-жай, унаа, үй-тиричилик буюмдарын сатып алып берүүнү убадалаган кооперативдерге катталууда этият болуу керектиги айтылат. Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы белгиленет. Телефон алдамчылары дагы ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүн.

/p>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан